Борбор калаадагы көчөлөрдүн аталыштарынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы шаар тургундарына жаңыланган даректерин тез жана ыңгайлуу текшерүүгө мүмкүндүк берген атайын функцияны иштеп чыкты.
Эми көчөнүн жаңы аталышын жана үйдүн тиешелүү номерин билүү үчүн мамлекеттик органдарга кайрылуунун же маалыматты өз алдынча издөөнүн зарылдыгы жок.
Даректи кантип текшерсе болот?
https://e-meria.kg/ порталына кириңиз. «Даректи текшерүү» бөлүмүн ачыңыз. Издөө сабына көчөнүн мурдагы аталышын жана үйдүн номерин киргизиңиз. Система сизге көчөнүн жаңы аталышын жана үйдүн жаңыланган номерин көрсөтөт.
Жаңы функция шаар тургундарына даректер боюнча актуалдуу маалыматты ыкчам алууга, убакытты үнөмдөөгө жана аталышы өзгөртүлгөн көчөлөрдү табууну жеңилдетүүгө багытталган.
Эскерте кетсек, борбор калаадагы көчөлөрдүн аталыштары Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 89 токтомунун негизинде өзгөртүлгөн.