2026-жылдын 5-ноябрынан тарта Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүндөгү унаа кыймылына киргизилген убактылуу чектөөлөргө байланыштуу № 7, 33, 36, 48, 62, 105 жана 216 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары өзгөртүлөт.
Мындан тышкары, № 9 автобус каттамынын кыймылына да убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.
Чектөөлөр Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагынбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн унаа кыймылы үчүн жабылышына байланыштуу киргизилүүдө.
Жүргүнчүлөрдөн коомдук транспорттун кыймыл схемаларындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландап алууну өтүнөбүз.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.