Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти шаардык «Бишкекти дүйнөгө ач– 2026» аттуу туристтик видеороликтер жана фотокаталогдор конкурсу уланып жатканын эскертет.
Буга чейин сунушталган эмгектер конкурстун сапатына жана форматына коюлган талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу комиссия тарабынан конкурсту узартуу жана кайра өткөрүү чечими кабыл алынган.
Конкурстун негизги максаты — борбор калаанын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу. Катышуучуларга Бишкек шаарын туристтер үчүн жагымдуу багыт катары тааныштырып, анын кооз жерлерин, архитектурасын, улуттук ашканасын, жашыл аймактарын, жаштардын жана спорттун турмушун, ошондой эле кызыктуу туристтик маршруттарын чагылдыруу сунушталат.
Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Бишкек шаарында туруктуу же убактылуу жашаган, билим алган же иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар катыша алышат. Эмгектерди жеке тартипте же беш адамга чейинки чыгармачыл топтун курамында сунуштоого болот.
Өтүнмөлөрдү жана конкурстук иштерди кабыл алуу 2026-жылдын 5-ноябрынан 5-декабрына чейин жүргүзүлөт.
Сынактын жалпы байге фонду 400 000 сомду түзөт. Жеңүүчүлөр жети номинация боюнча аныкталат.
Башкы сыйлыктардын катарында эки Гран-при каралган:
Бишкек шаары тууралуу мыкты туристтик видеоролик үчүн — 150 000 сом;
Борбор калааны эл аралык деңгээлде таанытуу үчүн мыкты туристтик фотокаталогго — 100 000 сом.
Мындан тышкары, ачык онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү» сыйлыгынын ээси аныкталат.
Конкурстун мыкты деп табылган эмгектери Бишкек шаарынын расмий медиа банкына киргизилип, туристтик көргөзмөлөрдө, форумдарда жана эл аралык иш-чараларда колдонулат. Ушуга байланыштуу тандалып алынган материалдарга болгон өзгөчө автордук мүлктүк укуктар аларды мындан ары пайдалануу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилет.
Өтүнмөлөрдү жана конкурстук иштерди кабыл алуу:
Электрондук почта: marsbekovva@gmail.com
Telegram: @milianna
Материалдарды жөнөтүүдө «Конкурска: Бишкекти дүйнөгө ач» деген белги коюу зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн: 0700 763 409 телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Конкурстун жобосу жана өтүнмөнүн формасы жарыяга тиркелет.
Өтүнмөнүн формасы: https://docs.google.com/document/d/1wX2GFVI0sZhEQBjWEEsaxO8DWmD3XAmM/edit?usp=sharing&ouid=108104857970016977544&rtpof=true&sd=true
Конкурстун жобосу: https://docs.google.com/document/d/11QMrQAZGQwOUGaSVC_-RYN7Ws_zQTiuq/edit?usp=sharing&ouid=108104857970016977544&rtpof=true&sd=true
