2026-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарындагы «Манас» театрында улуттук баалуулуктарга арналган «Ыр кесе» аттуу маданий иш-чара болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Анын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, маданий мурастарын жана руханий баалуулуктарын сактоо, жайылтуу жана аларды кийинки муунга өткөрүп берүү.
Иш-чаранын алкагында Ленин районунун педагогдору кыргыз элинин кылым карыткан каада-салттарын жана маданий мурастарын даңазалоого багытталган мазмундуу программа тартуулашты. Алар «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү аткарып, элдик ырларды ырдашты, «Жүз ачуу» салтын көрсөтүштү. Ошондой эле кыргыз элинин башка улуттук каада-салттары менен үрп-адаттарын тааныштырышты.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, мектеп директорлорунун мамлекеттик тил боюнча орун басарлары жана окуучулар катышты.
Иш-чаранын өзгөчө жана жыйынтыктоочу бөлүгү катары «Ыр кесе» эстафетасы Ленин районунун педагогдорунан Октябрь районунун педагогдоруна өткөрүлүп берилди.
Бул демилге улуттук маданий салттарды сактоого жана улантууга, педагогдордун чыгармачылык кызматташтыгын чыңдоого, ошондой эле улуттук баалуулуктарды кеңири жайылтууга багытталган.
Мындай иш-чараларды өткөрүү жаш муундарды улуттук мурастарды урматтоого тарбиялоого, муундар ортосундагы руханий байланышты бекемдөөгө жана мекенчилдик баалуулуктарды калыптандырууга өбөлгө түзөт.






