"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Рейддик иш-чаралар 2026-жылдын 4–6-ноябрь күндөрү шаардагы аялдамаларда жана автобус каттамдарында жүргүзүлүүдө. Текшерүүлөр эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечки саат 17:00дөн 20:00гө чейин уюштурулган.

Рейддин жүрүшүндө автобустардын техникалык абалы, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин жана бекитилген каттам графигин сактоосу, ошондой эле автобустардын линияга өз убагында чыгышы текшерилүүдө. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөө тартибине өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле жол кирени накталай эмес төлөө системасынын иштеши көзөмөлдөнүп, жол кирени төлөбөй жүргөн учурлар аныкталууда.

Ишкана айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жүргүнчүлөрдү белгиленген жерлерге туура түшүрүп-отургузууга жана ташуу учурунда алардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырат.

Ал эми жүргүнчүлөрдөн жол кирени өз убагында жана толук төлөп, төлөмдүн ийгиликтүү жүргүзүлгөндүгүн текшерип коюу сунушталат.

Рейддик иш-чаралардын негизги максаты — коомдук транспорттун коопсуздугун камсыз кылуу, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосун жана жүргүнчүлөр тарабынан жол кирени төлөө тартибин көзөмөлдөө.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.