Бишкек шаарынын жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат.
2026-жылдын 4-ноябрына карата станциянын орточо электр кубаттуулугу 290 МВтты түзөт.
Электр энергиясын өндүрүү көлөмү — 7022 млн кВт·саат, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү — 8,7 миң Гкал.
Жалпысынан Бишкек ЖЭБинде 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок орнотулган.
4-ноябрга карата алардын ичинен 8 казан агрегаты жана туурасынан байланышкан 4 турбоагрегат иштеп жатат.
Ошондой эле 4-ноябрга карата ЖЭБдин көмүр кампасында 256 389 тонна көмүр бар.