Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында борбор калаанын бардык райондорунда көмүр базаларынын иши уюштурулду.
Муниципалдык кызматтар көмүрдүн жеткиликтүүлүгүнө, баасына жана соода түйүндөрүнүн отун запасы менен камсыз болушуна туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүп турушат.
Ленин районунда 13 көмүр базасы иш алып барууда. Көмүрдүн жалпы запасы 4 852 тоннаны түзөт. «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдүн бир тоннасы 7 000 сомдон, «Миң-Куш» 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркүл» 7 800 сомдон сатылууда.
Көмүр базалары Ак-Ордо-3, Новопавловка, Селекция конуштарында, ошондой эле Мурманск, Б. Алыкулов, Саркулов көчөлөрүндө жана Дэн Сяопин проспектисинде жайгашкан.
Биринчи Май районунда учурда 472 тонна көмүр бар. «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдүн бир тоннасы 7 000 сомдон, «Миң-Куш» 8 000 сомдон, ал эми «Шаргунь» 7 600 сомдон сатылууда.
Тургундар «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдү төмөнкү даректерден сатып ала алышат:
- И. Айдарбеков көчөсү (Жаш Гвардия көчөсү, 337), 390-контур;
- Түндүк айланма жол, 383-контур;
- Саадаев көчөсү, 8б;
- Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, 50;
- Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 3;
- Дача СУ, «Трикотажник Б.Ш.».
«Миң-Куш» маркасындагы көмүр Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 1д дарегинде, ал эми «Шаргунь» маркасындагы көмүр ошол эле көчөнүн 1а/3 дарегинде сатылууда.
Свердлов районунда 9 көмүр базасы иштеп, алардагы отундун жалпы запасы 5 450 тоннаны түзөт. Учурда «Кара-Кече» жана «Шабыркүл» маркасындагы көмүр сатылууда. «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркүл» 7 800 сомдон сунушталууда.
Калкка көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:
- Достоевский көчөсү, 1;
- Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, №902 контур;
- Маевка айылы / Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, №818 контур;
- Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, 16;
- Лебединовка айылы, Калинин көчөсү, 1-линия, 8/1;
- Ленинское айылы, айланма жол, №963 контур (Дордой-2);
- Келечек конушу, 14-көчө, №9 участок;
- Төмөнкү Ала-Арча конушу, Курманалиев көчөсү менен Элебесов көчөсүнүн кесилиши.
Октябрь районунда кыш мезгилинде калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн көмүр базаларында учурда 650 тонна отун бар. Бүгүнкү күндө райондогу бардык көмүр сатуу түйүндөрүндө көмүр жетиштүү көлөмдө сакталууда.
Көмүр базалары төмөнкү даректерде жайгашкан:
- Көк-Жар конушу, Достоевский көчөсү;
- Көк-Жар конушу, Полевая көчөсү, 1/7;
- Кара-Жыгач конушу, Сары-Өзөн/Обрен көчөсү, 1/1;
- Лев Толстой көчөсү.
Урматтуу шаар тургундары!
Сиздерди жылытуу мезгилине алдын ала даярданып, көмүр сатып алууну өз убагында камсыз кылууга жана отун сатып алууну акыркы учурга калтырбоого чакырабыз.