Борбор калаанын райондук администрацияларында Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Октябрь райондук администрациясында тармактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жана өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып келе жаткан маданият кызматкерлерине райондук администрациянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ошондой эле Свердлов райондук администрациясы да маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Свердлов райондук администрация башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын улуттук каада-салттарды, руханий баалуулуктарды сактоодогу жана шаардын маданий турмушун өнүктүрүүдөгү эмгегинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Ак ниет эмгеги жана маданият тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблинин өкүлдөрүнө муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Биринчи Май районунда да майрамга карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Муниципалдык администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Жаныкеева маданият тармагынын кызматкерлерине ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана маданиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди жана чыгармачылык жетишкендиктерди каалайт.