«Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүү борборунда кызматкерлердин коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүүгө даярдыгын камсыз кылуу максатында өрт коопсуздугу боюнча инструктаж өткөрүлдү.
Инструктажды Ленин району боюнча Өрт өчүрүү кызматынын кызматкери, майор Салмоорбек Манапов өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлерге өрт коопсуздугунун негизги талаптары, өрт чыккан учурда көрүлүүчү аракеттер, эвакуациялоо эрежелери жана өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарын колдонуу тартиби түшүндүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрүүгө, сактык эрежелерин так сактоого, ошондой эле борбордун кызматкерлеринин жана анда жашап жаткан аялдардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай профилактикалык иш-чараларды өткөрүү кызматкерлердин билимин жана практикалык даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле мекемеде коопсуздук маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.