Ленин районунда жер мунапысы боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө комиссия тарабынан жер мунапысына байланыштуу жарандардан түшкөн 863 арыз каралды.
Арыздарды кароонун жыйынтыгында белгиленген тартипте тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Жер мунапысынын алкагында келип түшкөн материалдарды кароо боюнча комиссиянын иши улантылууда.

