Бир түтүктүү жылытуу системасы орнотулган 104, 105 жана 106-сериядагы үйлөрдө бир бөлмөдөгү радиатор ысык болуп, экинчи бөлмөдөгү радиатор муздак же жетиштүү деңгээлде жылый албай калган учурлар кездешиши мүмкүн.
Мындай көрүнүшкө жылытуу системасында абанын топтолушу, крандардын жабылып калышы, түтүктөрдүн бүтөлүшү же жылытуу системасын туташтыруу схемасынын бузулушу себеп болушу мүмкүн. Маселенин так себебин аныктап, аны жоюу үчүн зарыл болгон учурда тиешелүү адистерге кайрылуу керек.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы бир түтүктүү жылытуу системасында бир эле тик түтүккө (стоякка) туташтырылган радиаторлордун температурасы ар кандай болушу мүмкүн экенин эскертет. Ошол эле учурда турак жайдын ичиндеги абанын температурасы +18 °Cден төмөн болбошу керек.
Эгер бөлмөдө суук болуп, абанын температурасы белгиленген нормадан төмөн болсо, жылытуу системасын текшерүү үчүн тиешелүү тейлөөчү уюмга кайрылуу зарыл.
Жылытуу боюнча суроолоруңуз барбы? «Бишкекжылуулуктармагы» байланышта!
Шаар тургундары ишкананын байланыш борборуна кайрыла алышат. «Кыргызтелеком» ААКсынын абоненттери үчүн чалуу акысыз.
Байланыш телефондору:
- 1980;
- 0312 61-11-69;
- 0557 61-11-66;
- 0777 61-11-66;
- 0701 61-11-66.
Райондор боюнча жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо маселелери боюнча:
- Борбордук район: 0312 36-57-19, 30-07-67;
- Түштүк район: 0312 51-06-22, 21-74-06.












