Жылытуу мезгилинин башталышына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына көмүрдүн айрым түрлөрүн колдонууга киргизилген чектөөлөрдү жана экологиялык жактан таза жылытуу системаларына өтүү үчүн жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүктөрүн эскертет.
Мэрия шаар тургундарын белгиленген чектөөлөрдү сактоого жана көмүр сатып алууда анын фракциялык курамына көңүл бурууга чакырат.
Тиешелүү токтомду аткаруунун алкагында тармактык мамлекеттик органдар жана муниципалдык кызматтар тарабынан көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле калкты колдонууга уруксат берилген көмүр түрлөрү менен камсыз кылуу жана бааларга мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар каралган.
Экологиялык жактан таза жылытуу системаларына өтүүнү каалаган жарандарды колдоо максатында жеңилдетилген насыялоо программалары ишке ашырылууда.
Газдаштыруу программасынын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары төмөнкү шарттарда насыя ала алышат:
- Насыянын суммасы — 150 000 сомго чейин;
- Пайыздык чен — жылдык 3%;
- Мөөнөтү — 12 же 24 ай.
Насыя каражаттары газ тармактарына кошулууга, газ менен жылытуучу жабдууларды сатып алууга жана орнотууга берилет. Насыялоо «АБанк» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсы аркылуу жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары экологиялык жактан таза жылытуу системаларын, анын ичинде жылуулук насосторун, электр казандарын жана күн энергетикалык жабдууларын сатып алуу жана орнотуу үчүн насыя ала алышат.
Насыя берүүнүн шарттары:
- Насыянын суммасы — 1 000 000 сомго чейин;
- Пайыздык чен — жылдык 6%дан баштап;
- Мөөнөтү — 60 айга чейин.
Долбоордун өнөктөш банктары: «Элдик Банк» ААКсы, «АБанк» ААКсы жана «Бакай Банк» ААКсы.
Насыя алуунун шарттары жана арыз берүү тартиби тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн жарандар жогоруда көрсөтүлгөн банктарга түз кайрылса болот.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын экологиялык талаптарды сактоого жана мүмкүнчүлүгүнө жараша экологиялык жактан таза, энергияны үнөмдөөчү жылытуу системаларына өтүүгө чакырат.
Эскертк кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 639 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында фракциясы 0–13 мм болгон майда көмүрдү (чачылма көмүрдү) ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган.
Бул чектөө жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга аталган көмүр түрүн жеткирүүгө жайылтылбайт.
Токтом 2025-жылдын 22-октябрында күчүнө кирген.