Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан Курманжан Датка көчөсүнүн Набережная көчөсүнөн Гидростроителей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкцияларды аныктоо жана жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Көчөнүн бир тарабында белгиленген талаптарды бузуу менен орнотулган дүкөндөрдүн жана кафелердин 15 жарнамалык тактасы демонтаждалды. Ал эми тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды жайгаштырган бир катар объектилерге карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү.

Көчөнүн карама-каршы тарабындагы жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жакынкы убакытта жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Свердлов райондук администрациясы менен биргеликте «Аламедин Гранд» соода борбору тарабынан мыйзамсыз жайгаштырылган жарнамаларды алып салуу иштери жүргүзүлдү.

Жалпысынан 38 объект демонтаждалды. Алардын катарына билборддор, жарык берүүчү кутучалар (лайтбокстор), баннерлер, багыттоочу белгилер, жарнамалык чаптамалар жана көрнөк-жарнактар кирет.

Борбор калаада тышкы жарнамаларды жайгаштыруу тартибин жөнгө салуу жана шаардык көрктөндүрүү талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.