2026-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарынын «Ак-Тилек» конушундагы Ак-Шоокум көчөсүндө № 80 «Баластан» бала бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.
Бала бакча жайгашкан жер тилкесинин аянты 0,2179 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 1 041 чарчы метрди түзөт. Мекеме 80 балага ылайыкталган.
Курулуш иштерин «ПСО Адис Строй» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзгөн. Курулуштун алкагында жаңы имарат тургузулуп, суу түтүктөрү тартылып, канализация системасы орнотулган.
Ачылыш аземинде мэр Айбек Джунушалиев имараттын бөлмөлөрүн натыйжалуу пайдалануунун жана мектепке чейинки билим берүү мекемесин өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле жаңы бала бакчада балдардын ойноосу, тарбияланышы жана билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, шаар башчысы Свердлов районунун акимине бала бакчанын жанында унаа токтотуучу жай уюштуруу маселесин иштеп чыгып, тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
«Баластан» бала бакчасынын ачылышы «Ак-Тилек» конушунда жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камтуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.


















