Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Гоголь көчөсүндөгү жол оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеде бордюрлар орнотулуп, шагыл төшөлүп, асфальттын биринчи катмары салынды. Учурда кудуктапды жана аялдамаларды орнотууга даярдык көрүлүүдө.
Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Атап айтканда, ишкердик субъектилери демонтаждалгандан кийин аймактарды тазалоо, № 12 мектептин короосун тосуу, ошондой эле курулуп жаткан аялдаманын жанындагы тургундарга ыңгайсыздык жараткан бордюрларды түздөө тапшырылды.
Мындан тышкары, Гоголь көчөсүндөгү № 111 жана № 113 үйлөрдүн жанында жайгашкан чарба жүргүзүүчү субъектилердин документтерин текшерип, мыйзамсыз орнотулган курулмаларды демонтаждоо милдеттендирилди.
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына электр мамыларын оңдоо тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга № 16 жана № 20 үйлөрдүн жанындагы темир тосмолорду жана чарбалык курулмаларды алып салуу, ага чектеш аймакты көрктөндүрүү милдети жүктөлдү.
Свердлов районунун акими Бакыт Караевге берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат берүү тапшырылды.







