Бишкек шаарынын Ленин районундагы Кахов көчөсүндө «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы тарабынан аймакты көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.

Иштердин алкагында узундугу 300 метрди түзгөн канал тазаланып, бак-дарактарга санитардык бутоо иштери жүргүзүлүп, ага чектеш аймактар таштандылардан тазаланууда.

Мындан тышкары, көчөнү жашылдандыруу максатында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу жана газон себүү пландаштырылган.

Аткарылып жаткан иштер аймактын санитардык абалын жакшыртууга, жашыл аймактардын аянтын кеңейтүүгө жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

«Бишкекжашылдандыруу» муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты камсыз кылуу иштерин улантууда.