2026-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Атай Муратбек жана Биринчи Май районунун акими Улан Сарылбек уулу райондун тургундары менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чарага шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар шаардык инфраструктурага жана жашоо сапатын жакшыртууга байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Атап айтканда, коомдук транспорттун ишин уюштуруу жана автобус каттамдары, аялдамаларды орнотуу жана талаптагыдай жабдуу, жолдорду куруу жана оңдоо, жер мунапысына байланыштуу маселелер, ошондой эле район тургундарын түйшөлткөн социалдык жана башка көйгөйлөр талкууланды.

Мэриянын өкүлдөрү шаар тургундарынын кайрылууларын угушту. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди мындан ары тыкыр карап чыгып, аларды чечүү боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырмалары берилди.

Мындай жолугушуулар шаар бийлиги менен тургундардын өз ара байланышын чыңдоого, жер-жерлердеги актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө багытталган.