Жолугушууга Октябрь районунун акими Жолдошбек Чуштуков, шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар райондун өнүгүшүнө, шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүштү.

Атап айтканда, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, аялдамалардын абалы, жол инфраструктурасын жакшыртуу, балдар аянтчаларын куруу жана оңдоо, жер мунапысына байланыштуу маселелер, автобус каттамдарын оптималдаштыруу, ошондой эле тургундарды түйшөлткөн башка актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Район тургундарынын сунуш-пикирлери жана кайрылуулары угулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу карап чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар шаар тургундары менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда түз диалог түзүүгө, жер-жерлердеги актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды өз убагында чечүүгө өбөлгө түзөт.