Бишкек шаарындагы «Тунгуч» театрында Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына катышуу үчүн шайланган Бишкек шаарынын делегаттары менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана борбор калаанын өкүлдөрүн алдыдагы жалпы улуттук жыйынга даярдоо максатында уюштурулду.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, уюштуруу комитетинин катчысы Элзар Касымбаев, аталган бөлүмдүн Региондорду өнүктүрүү секторунун башчысы Уланбек Далиев, мамлекеттик инспектор Алмазбек Курманбаев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык институтунун Юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун Социалдык философия бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга алдыдагы курултайдын уюштуруу маселелери, күн тартиби жана делегаттардын катышуу тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев шайланган делегаттарды аларга көрсөтүлгөн ишеним менен куттуктап, борбор калаанын тургундарын түйшөлткөн актуалдуу маселелерди талкуулоодо алардын катышуусу маанилүү экенин белгиледи.

Жалпысынан Бишкек шаарынан V Элдик курултайга катышуу үчүн 500 делегаттын ичинен 72 өкүл шайланган. Жолугушуунун жүрүшүндө добуш берүү аркылуу Элдик курултайдын Улуттук кеңешине эки талапкер көрсөтүлүп, Эсептөө комиссиясына бир өкүл аныкталды. Ошондой эле курултайдын жыйынында сөз сүйлөө үчүн 15 делегат шайланды. Алар борбор калаанын тургундарынын атынан актуалдуу маселелерди жана сунуштарды ортого салышат.

V Элдик курултай 2026-жылдын 18–19-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттардын катышуусунда өтөт.