2026-жылдын 10-ноябрында саат 10:00дөн 19:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
10-кичи район № 16-25, 9, 10, 11, 17/1
9-кичи район № 10,12,12/1, 13, 14, 15, 46, 40/1
Суу берүү “Бишкекжылуулукэнерго” МИ тарабынан диаметри 100 мм болгон бурама тээктеги (задвижка) тыгынды жоюу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
