Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мироненко Николай Кузьмич дүйнөдөн кайтты.
Николай Кузьмич 1927-жылдын 3-мартында Новосибирск облусунда туулган. 1935-жылы ата-энеси менен бирге ошол кездеги Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек шаарына) көчүп келген.
Анын жаштык кези Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарына туш келген. 1942-жылы атасы Ата Мекенди коргоп, майданда курман болгон. Николай Кузьмичтин эжеси да согуштун оор сыноолорун башынан өткөрүп, мекенине майып болуп кайтып келген.
Николай Кузьмич эмгек жолун жаштайынан баштаган. Аскерге чакырылганга чейин фабрикада тигүү машиналарын оңдоочу уста болуп иштеген.
1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, запастагы полктордун биринде кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин да аскердик кызматын улантып, 1951-жылга чейин мекен алдындагы милдетин аткарган.
Аскердик кызматтан бошотулгандан кийин Николай Кузьмич кечки орто мектепти аяктап, андан соң айыл чарба институтунан жогорку билим алган. Кийинки эмгек жолун Автотранспорту министрлигинде улантып, өмүрүн ушул тармактагы ишмердүүлүккө арнаган.
Николай Кузьмич эки баланы — уулду жана кызды тарбиялап өстүргөн.
Николай Кузьмич Мироненконун өмүр жолу — согуштун оор сыноолорун башынан өткөрүп, өмүрүн тынчтыктагы эмгекке, өлкөнү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө арнаган бүтүндөй бир муундун тагдырын чагылдырган өрнөктүү өмүр.
Николай Кузьмич Мироненконун дүйнөдөн кайтышы анын үй-бүлөсү, жакындары жана аны тааныган адамдар үчүн орду толгус жоготуу болду. Анын эрдиги, эмгекчилдиги жана Ата Мекенге болгон берилгендиги элдин эсинде түбөлүк сакталат.
Бишкек шаарынын мэриясы Николай Кузьмич Мироненконун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Алардын аза кайгысын тең бөлүшөт.
Николай Кузьмичтин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
