2026-жылдын 6-ноябрында Биринчи Май райондук администрация башчысынын орун басары Чынара Жаныкеева мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен балдардын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө № 68 бала бакчада орун алган окуя талкууланды. Чынара Жаныкеева балдардын коопсуздугун камсыздоо ар бир жетекчинин жана тарбиячынын түздөн-түз жоопкерчилиги экенин баса белгиледи. Ошондой эле балдарды кароосуз калтырууга жол берилбестигин, алардын жүрүм-турумуна жана өз ара мамилелерине туруктуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын эскертти.

Кеңешменин жыйынтыгында жетекчилерге ички көзөмөлдү күчөтүү, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу, балдардын ортосундагы чыр-чатактардын жана зомбулук фактыларынын алдын алуу боюнча кошумча чараларды көрүү, ошондой эле ата-энелер менен кызматташууну бекемдөө тапшырылды.

Мындан тышкары, кеңешмеде жаңы жылдык иш-чараларга даярдык көрүү, өрт коопсуздугунун талаптарын жана санитардык нормаларды сактоо маселелери каралды.

Майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн ата-энелерден акча каражаттарын мажбурлап чогултууга жол бербөө маселесине, ошондой эле балдарга карата зомбулуктун жана ырайымсыз мамиленин алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.