2026-жылдын 25-октябрынан 30-октябрына чейин «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде эркектер жана аялдар арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.
Мелдешке өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген 46 аял жана 124 эркек спортчу катышты.
Чемпионаттын жыйынтыгында Бишкек шаарынын спортчулары төмөнкүдөй ийгиликтерди жаратышты.
Аялдар арасында:
- 1-орун — Мээрим Чыныбекова (80 кгдан жогору салмак категориясы).
Эркектер арасында:
- 1-орун — Ихтияр Нишонов (70 кг салмак категориясы);
- 1-орун — Бакыт Токтосун уулу (90 кг салмак категориясы);
- 2-орун — Сагын Сатыбалды уулу (85 кг салмак категориясы);
- 2-орун — Азирет Автандилов (90 кг салмак категориясы);
- 2-орун — Айдар Андреев (90 кгдан жогору салмак категориясы);
- 3-орун — Эржигит Анарбек уулу (50 кг салмак категориясы);
- 3-орун — Дилербек Садиров (65 кг салмак категориясы);
- 3-орун — Мухамед Дурсунов (90 кг салмак категориясы).
Спортчуларды жана машыктыруучулар курамын жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз! Аларга мындан аркы мелдештерде дагы көптөгөн жеңиштерди жана спорттук ийгиликтерди каалайбыз!


