2026-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ауэзов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверде өткөрүлгөн күзгү бак отургузуу иш-чарасына катышты. Бул жерде 87 түп катальпа көчөтү отургузулду. Жашылдандырылган аймакта бак-дарактарды талаптагыдай сугаруу жана багуу үчүн автоматтык сугаруу системасы орнотулуп, суу скважиналары каралган.
Бак отургузуу ишине жергиликтүү тургундар да катышып, аймакты көрктөндүрүү боюнча сунуштарын билдиришти. Мэр райондук администрациянын башчысына тургундардан түшкөн бардык кайрылууларды көзөмөлгө алууну тапшырды.
Ауэзов көчөсүн кыдыруу учурунда шаар башчысы Айбек Джунушалиев буга чейин отургузулган бак-дарактардын, жашыл аймактардын жана аларга чектеш жерлердин абалын текшерди. Ошондой эле ирригациялык инфраструктураны сактоо, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, тротуарларды жана автобус аялдамаларын көрктөндүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мэр тиешелүү кызматтарга бак-дарактарды талаптагыдай багууну камсыз кылууну, айрым көчөттөрдүн куурап калышынын себептерин аныктоону жана көчөнү жашылдандыруу иштерин системалуу түрдө улантууну тапшырды.
Мындан тышкары, шаар башчысы тиешелүү кызматтарга Ауэзов көчөсүнүн боюнда жайгашкан ишкердик субъекттери менен алардын айланасын көрктөндүрүү, жашыл аймактарды күтүү, имараттардын фасаддарын жана объектилерин борбор калаанын дизайн-кодунун талаптарына ылайык келтирүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле жер тилкелерине тиешелүү документтерди изилдөө, алардын максаттуу пайдаланылышын текшерүү жана чектеш аймактарды белгиленген талаптарга ылайык келтирүү милдети коюлду.
«Бул — шаардын борбордук бөлүгү. Шаар өнүгүп, көрктөндүрүлүшү керек. Жашыл аймактарды сактап, айлана-чөйрөнү иретке келтирип, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Шаар тургундарынын сунуштарын эске алуу менен Ауэзов көчөсү татыктуу көрктөндүрүлүп, бульвардан кем калбайт деп ишенем», — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев.









