7-ноябрда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында, Курманжан датканын эстелигинин жанында салтка айланган кимчи фестивалы өттү. Иш-чара Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын көмөгү менен уюштурулду.
Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангдже, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, корей диаспорасынын мүчөлөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты.
Ачылыш аземинде мэрдин орун басары Рахат Мусаева маданий иш-чаралар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Ошондой эле ал кимчи фестивалы борбор калаанын тургундарын бириктирген жакшы салтка айланып, корей элинин өзгөчө маданияты, улуттук каада-салттары жана ашканасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп жатканын баса белгиледи.
Фестивалдын алкагында коноктор корей улуттук ашканасынын эң белгилүү тамактарынын бири болгон кимчини даярдоо салттары менен таанышып, Корея Республикасынын маданий мурастары тууралуу маалымат алышты.
Фестивалды өткөрүү маданий алмашууну өнүктүрүүгө, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана Кыргызстан менен Корея элдеринин ортосундагы достук байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы өлкөлөр ортосундагы эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана достук мамилелерди чыңдоого багытталган демилгелерди мындан ары да колдоону улантат.









