8-ноябрда Бишкек шаарындагы Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында 2026-жылдын акыркы веложүрүшү өтүп, ага 986 велосипедчи катышты. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев да катышып, велосипедчилер менен бирге 5,4 чакырым аралыкты  өттү.

Веложүрүштүн мара сызыгы «Газпром — балдарга» дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоо комплексинин алдында белгиленди.

Иш-чаранын соңунда шаар мэри быйылкы велосезондун расмий түрдө аяктаганын жарыялап, велосипед кыймылын экологиялык жактан таза транспорт каражаты катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында 77 чакырым велосипед жолу курулган. Бирок толук кандуу велосипед инфраструктурасын түзүү үчүн дагы бир топ иштерди аткаруу зарыл.

«Биз азыркы инфраструктура жетишсиз экенин түшүнөбүз. Велосипедчилер шаар ичинде жөө жүргүнчүлөргө жана жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратпай, коопсуз жүрө алышы үчүн шарттарды мындан ары да түзүү зарыл. Мэрия бул багыттагы иштерди улантат. Жыл сайын мындай иш-чараларда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, алдыдагы пландарды жана милдеттерди аныктайбыз», — деди Айбек Джунушалиев.

Веложүрүштүн өзгөчө активдүү катышуучуларынын бири жети жаштагы Амир Акимов болду. Ал жарыш учурунда өзүнүн активдүүлүгү менен айырмаланып, шаар мэринин колунан велосипед алды.

Ошондой эле буга чейин 2026-жылдын 1-майында велосезондун ачылышына катышкан майыптыгы бар Арген Тактанбековго да велосипед тапшырылды. Ошол күнү шаар башчысы ага сыйлык берип, жыйынтыктоочу веложүрүшкө катышса, велосипед белек кылууга убада берген.

Мындан тышкары, эң жаш катышуучу — беш жаштагы Алан Маланьековго жана эң улуу катышуучу — 64 жаштагы Виктор Кларчинскийге велосипеддер белекке берилди.

Иш-чаранын алкагында бардык катышуучулардын арасында да лотерея уюштурулуп, анын жыйынтыгында дагы алты адам велосипед утуп алышты.

Мындан сырткары, Бишкек мэриясынын муниципалдык мекемелеринин кызматкерлеринин арасында велосипедди транспорт каражаты катары колдонууга кызыктыруу программасына активдүү катышкан 22 кызматкер шаар мэри тарабынан сыйланды.

Аталган программа Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын 72-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылууда. План 2026-жылдын 27-январындагы №39 тескеме менен бекитилген.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор жана катышуучулар үчүн брейк-данс, BMX жана воркаут боюнча спортчулардын көрсөтмө өнөрлөрү уюштурулду.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.