Бишкек шаарынын Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы Ош шаарында өткөн эл аралык волейбол мелдешинде биринчи орунду ээледи. Мелдешке жалпы 12 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — ОРАБӨСОМ командасы (Бишкек);
2-орун — Манас командасы;
3-орун — Алматы командасы (Казакстан).
Бишкектик спортчулар мелдештин жүрүшүндө мыкты даярдыгын жана командалык биримдигин көрсөтүп, жеңишке жетишти.
Спортчуларды жана машыктыруучулар курамын жеңиши менен куттуктайбыз! Алдыдагы мелдештерде дагы ийгиликтерди каалайбыз!


