Коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү ташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Бишкек шаарында №23 автобус каттамы эки каттамга бөлүндү.
2026-жылдын 9-ноябрынан тартып оптимизациялоонун алкагында буга чейин жарым шакекче схемасы боюнча каттап келген №23 автобус маршруту эки өз алдынча каттамга бөлүндү.
Мындай чечим коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Борбор калаанын маршруттук тармагын өнүктүрүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.