2026-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Насипбек Керимов Свердлов районунун башчысы Бакыт Караев менен биргеликте шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда район тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Атап айтканда, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, аялдамаларды орнотуу жана көрктөндүрүү, жолдорду куруу жана оңдоо, канализациялык тармактарды куруу жана оңдоо, жер мунапысы, автобус каттамдарын уюштуруу, ошондой эле Свердлов районунун тургундарын түйшөлткөн башка маселелер талкууланды.
Мэриянын өкүлдөрү шаар тургундарынын кайрылууларын угушту. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине кайрылууларды ар тараптуу карап чыгып, зарыл чараларды көрүү тапшырмалары берилди.
Мындай жолугушуулар шаар бийлиги менен тургундардын ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды ыкчам чечүүгө багытталган.






