Бишкек шаарында күз-кыш мезгилинде туруктуу жашаган жери жок жарандар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат.
Октябрь районунда 2026-жылдын ноябрь айынан тартып А. Токомбаев көчөсү, 12-кичи район, 1а дареги боюнча убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Мекеме 80 адамга ылайыкталган жана 2027-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.
Ленин районунда Трудовая көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан «Боорукерлик борбору» коомдук фондунун базасында турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды. Мекеме 40 адамга ылайыкталган. Бул жерде убактылуу жашоо, күнүнө бир жолу ысык тамак-аш жана социалдык жардам көрсөтүлөт.
Биринчи Май районунда Жибек-Жолу проспектиси, 413 дарегинде жайгашкан «Коломто» муниципалдык мекемеси туруктуу негизде иш алып барат. Мекеме 70 адамга ылайыкталган. Ошол эле учурда бул жерде күн сайын туруктуу жашаган жери жок 70тен 100гө чейин жаран түнөп, бир жолку тамак-аш менен камсыз болот.
Мекеменин негизги кызматтарынын катарына убактылуу түнөк жай жана акысыз бир жолку тамак-аш берүү, медициналык кароодон өткөрүү, анын ичинде флюорографиядан өткөрүү жана РВ, ВИЧ инфекцияларына кан анализин алуу, ошондой эле алгачкы санитардык тазалоо кирет.
Белгилей кетсек, убактылуу түнөк жайга жана жардамга муктаж жарандар тиешелүү мекемелерге өз алдынча кайрыла алышат. Зарыл болгон учурда аларды баш калкалоочу жайларга кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жана тез жардам бригадалары да жеткиришет.