Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук аянтында Европадан Кыргызстанга велосипед менен саякаттап келген мекендешибиз Насирдин Өмүралиевди жана анын сапарлашын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Насирдин Өмүралиев  сапарын Польшадан баштаган.

Саякатчыларды Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Рахат Мусаева,  Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле «Жеңиш» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин велосипед спорту бөлүмүнүн тарбиялануучулары тосуп алышты.

Рахат Мусаева аларды борбор калаада жылуу маанайда тосуп алып, Насирдин Өмүралиевдин саякаты максатка умтулуунун, эр жүрөктүүлүктүн жана Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү экенин белгиледи. Ошондой эле мындай демилгелер Кыргызстанды, анын тарыхын, маданиятын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

«Сиздердин сапарыңыздардын Бишкек шаарында, борбор калаабыздын жүрөгү болгон “Ала-Тоо” борбордук аянтында жыйынтыкталып жатканы өзгөчө символикалуу. Борборубуз ар дайым коноктор үчүн ачык, эл аралык достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө даяр. Насирдин менен Марконун биргелешкен саякаты спорт жаш курагына жана улутуна карабастан адамдарды бириктирерин дагы бир жолу далилдеди», — деп белгиледи мэрдин орун басары.

Насирдин Өмүралиевдин айтымында, сапардын негизги максаты — ата-бабаларыбыз басып өткөн тарыхый жолдор менен жүрүп, алардын мурасын урматтоо, Кыргызстанды башка өлкөлөргө таанытуу жана Мекенибиздин өнүгүшүнө өз салымын кошуу.

Саякат учурунда Насирдин Азербайжандын Алят портунда Италиянын 64 жаштагы жараны Марко Фантелло менен таанышкан. Таанышкандан кийин алар сапарын чогуу улантууну чечип, Кыргызстанга бирге келишкен.

Салтанаттуу тосуп алуу аземинде саякатчыларга урмат-сыйдын белгиси катары баштарына улуттук ак калпак кийгизилип, ыраазычылык каттары жана эстелик белектер тапшырылды.

Бул саякат мекенчилдиктин, эрктүүлүктүн жана эл аралык достуктун жаркын үлгүсү болуп, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлөрдө кеңири жайылтууга да салым кошот.

Салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасын Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.