Свердлов районунда Кыргыз Республикасынын «Тамеки түтүнүнөн коргоо жөнүндө» №121 Мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаралар район башчысынын биринчи орун басарынын жеке жетекчилиги алдында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаары боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулду.

Текшерүүлөр кафе-ресторандарды, соода борборлорун, сейил бактарды жана коомдук транспорттун аялдамаларын камтыды. Рейд учурунда белгиленген талаптарды бузуу фактылары, анын ичинде коомдук жайларда тамеки буюмдарын, кальяндарды жана электрондук тамекилерди (вейптерди) колдонуу, ошондой эле аларды сатуу эрежелерин бузуу учурлары аныкталды.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында мыйзам талаптарын бузган жеке жана юридикалык жактарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. Ошондой эле соода объектилеринин жана коомдук тамактануу жайларынын жетекчилерине кальян жабдууларын демонтаждоо жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча катуу эскертүүлөр берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы тамеки түтүнүнөн коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын сактоо ар бир жаран жана ишкердик субъекти үчүн милдеттүү экендигин эскертет. Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.