Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу максатында №36 автобус каттамы оптималдаштырылды.
2026-жылдын 12-ноябрынан тартып мурда жарым айланма схема боюнча каттап келген №36 автобус каттамы эки өз алдынча багытка бөлүнөт: №36 жана №39.
Бул өзгөртүү шаардык каттамдар тармагын өнүктүрүүгө, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга жана коомдук транспорттун туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.
Белгилей кетсек, шаардык автобус каттамдарын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да улантылат.