Бишкек шаарынын райондорунда жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүү фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Свердлов районундагы рейддер №304 жана №305 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аймагында, ошондой эле МТФ-2 жана «Адилет» конуштарында жүргүзүлдү.

Биринчи Май районунда рейддик иш-чаралар №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында, анын ичинде «Алтын-Казык» конушунда өткөрүлдү.

Октябрь районунун №232 жана №151 контурларында жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча рейддер уюштурулду.

Ошондой эле Ленин районундагы №109 МАБдын карамагындагы 546-контур, №107 МАБга караштуу 105, 106, 107, 166 жана 67-контурлар да рейддик иш-чаралар менен камтылды.

Рейддердин жыйынтыгында аталган аймактарда мыйзамсыз курулуштар жана тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз өз алдынча курулуш иштерин жүргүзүү фактылары аныкталган жок.

Белгилей кетсек, райондук администрациялар квартал башчылары, коомчулуктун өкүлдөрү, аксакалдар жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте тургундарга жер тилкелерин өз алдынча басып алууга жол берилбестигин жана мындай аракеттер үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик бар экенин үзгүлтүксүз түшүндүрүп келишет.

Рейддик иш-чаралар борбор калаанын бардык райондорунда жума сайын өткөрүлүп, мындан ары да улантылат.