Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдар арасында көркөм чыгармачылык боюнча өздүк көркөм өнөрдүн XXVI шаардык фестивалы жана колдонмо искусство сынагы — «Күн бардыгына бирдей тиет» аттуу иш-чаранын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чара майыптыгы бар адамдарды колдоо, алардын чыгармачылык дараметин ачуу, инклюзивдик маданиятты өнүктүрүү жана ар бир катышуучунун өзүн-өзү көрсөтүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында уюштурулду.
Фестиваль көркөм өнөрдүн жана декоративдик-колдонмо чыгармачылыктын ар кандай багыттары боюнча өз таланттарын тартуулаган чыгармачыл катышуучуларды бириктирди.
Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөр катышуучулардын чеберчилигин, өзгөчөлүгүн жана чыгармачылык жактан өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган кызыктуу өнөрлөрүнө жана кол эмгектерине күбө болушту.
«Күн бардыгына бирдей тиет» фестивалы таланттуу адамдарды колдоо, теңдик, өз ара түшүнүшүү жана коомго интеграциялануу принциптерин бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Мындай иш-чараларды өткөрүү ар бир адам өзүн көрсөтүүгө жана борбор калаанын маданий турмушуна салым кошууга мүмкүнчүлүк алган жеткиликтүү жана инклюзивдүү шаардык чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөт.






