«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу системасын жаңылоо жана орнотуу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө.
Ишкананын кызматкерлери көчөнүн чыгыш тарабындагы монтаждоо иштерин толугу менен аякташты. Учурда адистер экинчи этапка өтүп, көчөнүн батыш тарабына жарык берүүчү мамыларды орнотуу жана заманбап чырактарды монтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Аталган иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, кечки убакта жөө адамдар үчүн көрүнүүнү жакшыртууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.


