Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин Кытайдын BYD компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугун бойлой жер үстүндөгү транспорттук системаны (монорельс) куруу долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Атап айтканда, долбоордун техникалык мүмкүнчүлүктөрү, Бишкектин климаттык шарттарын эске алуу менен системаны куруу жана пайдалануу өзгөчөлүктөрү, ошондой эле каржылоо механизмдери каралды.
Компаниянын өкүлдөрү SkyShuttle автоматташтырылган транспорттук системасын тааныштырышты. Бул система борбор калаанын коомдук транспортун өнүктүрүүдө заманбап чечимдердин бири болушу мүмкүн.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келечектеги каттамдын багытын биргелешип изилдөө жана долбоорду мындан ары иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушууга BYD Smart Transportation (Hong Kong) Limited компаниясынын башкы менеджери Ли Лянлян, башкы менеджердин аткаруучу орун басары Йонгфей Чжан, башкы менеджер Сика Хуан, ошондой эле BYD компаниясынын энергия сактоо системалары жана аккумулятордук жаңы технологиялар бөлүмүнүн рынокту изилдөө боюнча башкы адиси Юй Чжуджун, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жана Санариптик технологиялар борборунун өкүлдөрү катышты.





