«Ак Жорго» гараж кооперативи жайгашкан муниципалдык жер тилкеси мектеп жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында убактылуу пайдаланууга берилген.
Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиясы тарабынан 2026-жылдын 7-сентябрында кабыл алынган. Ага ылайык, жалпы аянты 2,183 гектарды түзгөн жер тилкеси 25 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.
Долбоорду ишке ашырууга, анын ичинде долбоорлоо жана курулуш иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүү үчүн аталган аймакты андагы гараж объектилеринен бошотуу зарыл.
Бишкек шаарынын мэриясы гараж ээлеринин тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алып, объектилерди демонтаждоо үчүн кошумча убакыт берүү өтүнүчтөрүн эске алууда.
Буга чейин «Ак Жорго» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү тарабынан жер тилкесин 2026-жылдын 7-декабрына чейин бошотуу боюнча кепилдик милдеттенмеси берилген.
Ошол эле учурда гараж ээлеринин кайрылууларын эске алуу менен гараж объектилерин өз ыктыяры менен демонтаждоо мөөнөтүн 2027-жылдын 1-мартына чейин узартуу чечими кабыл алынды.
Жер тилкеси бошотулгандан кийин инвестор каралган инвестициялык долбоордун алкагында тиешелүү даярдык көрүү, долбоорлоо жана курулуш иштерин баштоого мүмкүнчүлүк алат.
Келишимдин шарттарына ылайык, жер тилкесинин функционалдык багыты өзгөртүлбөйт, ал эми курулушту аяктоо мөөнөтү жер тилкеси берилген күндөн тартып үч жылды түзөт.
Ижара мөөнөтү аяктагандан кийин жер тилкеси курулган объект менен бирге муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Белгиленген мөөнөттө курулуш иштери аткарылбаган учурда жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылат.