Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу «Сувенир» орус ырларынын ансамблинин 20 жылдык мааракесине арналган «20 жыл көрүүчүлөрдүн жүрөгүндө» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчи-өкүлү Екатерина Чистова катышты.

Рахат Мусаева чыгармачыл жамаатты мааракеси менен куттуктап, ансамблдин борбор калаанын маданий турмушундагы орду өзгөчө экенин белгиледи.

Ошондой эле мэрдин орун басары Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин ансамблдин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Владимир Тулинге жана жалпы чыгармачыл жамаатка жолдогон куттуктоо катын окуп берди.

Куттуктоодо ансамбль 20 жыл аралыгында элдик ырлардын салттарын, хореографияны жана музыкалык искусствонун заманбап багыттарын айкалыштырып, өзүнө гана таандык чыгармачылык өзгөчөлүктү калыптандырганы белгиленген. Ошондой эле жамааттын жетекчиси Владимир Тулинге искусствого болгон көп жылдык берилгендиги, кесипкөйлүгү жана ансамблдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирилген.

Иш-чаранын алкагында мэрдин орун басары Рахат Мусаева чыгармачыл жамааттын өкүлдөрүнө Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды. Ошондой эле артисттер Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин грамоталары менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу «Сувенир» орус ырларынын ансамбли 2006-жылы түзүлгөн. Ишмердүүлүк жылдарында жамаат шаардык, республикалык жана эл аралык фестивалдарга, сынактарга катышып, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өнөрүн тартуулап, элдик ыр искусствосун кеңири жайылтып келет.

Ансамблдин өзгөчөлүгү — вокалдык аткаруучулук менен хореографиянын айкалышында. Репертуарында салттуу элдик ырлар, заманбап аранжировкалар жана музыкалык чыгармалар бар. Акыркы 20 жылдан бери чыгармачыл жамаатты Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Владимир Тулин жетектеп келет.

Мааракелик кеченин коноктору үчүн атайын концерттик программа даярдалып, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу «Сувенир» орус ырларынын ансамблинин артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.