Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жолдо этият болууга жана аба ырайынын шарттарына жараша ылдамдыкты сактоого чакырат.
Учурда Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги көпүрөдө эки жол-транспорт кырсыгы катталды. Алардын биринде көпүрөнүн бир бөлүгү жабыркаган.
Учурда кырсык болгон жерде шаардык кызматтар иш алып барып, жол кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатышат.
Бишкек мэриясы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, аба ырайынын шарттарын эске алууга жана жолдо өзгөчө сак болууга чакырат.