Абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүп жаткандыгына байланыштуу «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантып, Бишкек шаарынын тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда.

Станциянын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында негизги жана көмөкчү жабдуулардын абалына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле мүмкүн болгон авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн ишкананын авариялык бригадалары толук даярдыкта турат.

Ишкананын бардык өндүрүштүк кызматтары штаттык режимде иштеп, абанын температурасы төмөндөгөн мезгилде станциянын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.