«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана «Дорога Глобал» ЖЧКсынын башкаруучу директору Бакыт Жетигенов кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Кызматташуунун алкагында тараптар транспорт агымдарын башкаруу, светофорлорду интеллектуалдык башкаруу системаларын өнүктүрүү багыттарында өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле биргелешкен жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүүнү, кесиптик тажрыйба алмашууну көздөшүүдө.
Бул кызматташтык Бишкек шаарынын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган заманбап санариптик чечимдерди ишке киргизүүгө негиз болот.
