2026-жылдын 10-ноябрында саат 18:00 чамасында Бишкек шаарында катуу жаан башталып, жаан-чачын тынымсыз уланууда.
Аба ырайынын жагымсыз шарттарына карабастан, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын төрт районундагы арыктардын абалын көзөмөлдөө үчүн нөөмөт тартибинде күнү-түнү иш алып барышты.
Түнкү нөөмөт учурунда Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун адистери арык тармактарындагы суунун агымын көзөмөлдөп, шаар тургундарынан түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп беришти жана арыктардын бүтөлүп калышына жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүштү.
Күз мезгилинде арык тармактарына түшкөн кошумча жүктөмдүн негизги себептеринин бири — күбүлгөн жалбырактар. Алар жаан суусу менен кошо арыктарга түшүп, айрым жерлерде топтолуп, суунун эркин агышына тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Арыктардын бүтөлүшүнө жол бербөө максатында «Бишкек жашыл курулуш» ишканасынын кызматкерлери аларды үзгүлтүксүз текшерип, топтолгон жалбырактардан тазалап, жаан сууларынын тоскоолдуксуз агып кетишин камсыздап жатышат.
Ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте саат 04:30дан 06:00гө чейин Жибек-Жолу проспектисинин боюндагы арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Учурда нөөмөттөгү бригадалар арык, каналдардын абалын көзөмөлдөөнү, суу толуп калууларды өз убагында жоюуну жана шаар тургундарынын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү улантууда.
Жаан-чачын учурунда коммуналдык кызматтардын иши суунун эркин агып кетишин камсыздоого жана шаардын көчөлөрүн суу каптоосуна жол бербөөгө багытталган.




