Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору!
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды 2026-жылдын 14-ноябрында, ишемби күнү өтө турган жалпы шаардык көчөт отургузуу иш-чарасына катышууга чакырат.
Борбор калаанын тарыхында биринчи жолу бир жолку иш-чаранын алкагында бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейинки 6 миң түп бийик өсүүчү бак-дарактын көчөтүн отургузуу пландалууда. Көчөттөр Манас көчөсүнүн жээгине отургузулат.
Так жайгашкан жери: https://2gis.kg/bishkek/geo/15763208581152772/74.435053,43.048962
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышат.
Иш-чаранын убактысы: саат 09:00дөн 11:00гө чейин.
Чогулуу жери: Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алды, саат 09:00.
Экологиялык акциянын катышуучулары үчүн ысык чай уюштурулат.
Белгилей кетсек, көчөттөрдү «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы камсыздайт. Учурда ишкананын адистери даярдык иштерин жүргүзүп, анын ичинде көчөт отургузуу үчүн атайын чуңкурларды даярдап жатышат.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды бул экологиялык демилгеге кошулуп, борбор калааны жашылдандырууга өз салымын кошууга чакырат!
Катыша турганыңызды алдын ала билдирип коюуңуздарды суранабыз: 0555 213 155 – Шухрат Хантемирович Төлөнбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар чарба департаментинин директорунун орун басары.