5–9-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында эркектер жана аялдар арасында самбо боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

«Ак Илбирс» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр   спорт мектебинин тарбиялануучулары эл аралык мелдеште мектептин намысын татыктуу коргоп, эки медаль жеңип алышты.

Үсөн кызы Акак 54 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, күмүш медалга ээ болуп, 2-орунду камсыздады.

Медетбек кызы Мираида 65 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль жеңип алып, 3-орунду ээледи.

Борбор калаанын мэриясы спортчуларды татыктуу жеңиштери менен куттуктап, мындан аркы спорттук карьерасында ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайт!