Борбор калаада алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында тургундар катуу отун сатып ала турган көмүр базалары ишин улантууда.
Шаардын райондорунда көмүрдүн запасына, анын сатыкта болушуна жана белгиленген баалардын сакталышына мониторинг жүргүзүлүүдө.
Свердлов районунда 9 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы 6 073 тоннаны түзөт. «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркуль» көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.
Биринчи май районунун аймагында калкты көмүр менен камсыз кылган 9 туруктуу көмүр базасы иштейт. Райондогу көмүр базаларындагы көмүрдүн жалпы запасы 1 048 тоннаны түзөт. «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдүн бир тоннасы 7 000 сомдон, «Миң-Куш» 8 000 сомдон, «Шаргунь» 7 600 сомдон сатылууда. Айрым көмүр базаларында көмүрдү кап менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Ленин районунда 13 көмүр базасы иш алып барат. Көмүрдүн жалпы көлөмү 4 852 тоннаны түзөт. «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдүн бир тоннасы 7 000 сомдон, «Миң-Куш» 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркуль» 7 800 сомдон сатылууда.
Октябрь районундагы көмүр базаларында «Кара-Кече» маркасындагы 1 558 тонна көмүр бар. Көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 000 сомду түзөт.
Мэрия шаар тургундарына көмүрдү өз убагында сатып алып, кыш мезгилине алдын ала даярданууну сунуштайт.
Көмүр базаларынын даректери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот:
https://www.bishkek.gov.kg/ru/post/34474


