Ленин районунда Айни көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн Алышев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери толугу менен аяктады.
Жаңы курулган жол тилкесинин жалпы узундугу 500 метрди түзөт.
Долбоор жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүү шарттарын түзүүгө, ошондой эле райондун жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.
Курулуш иштерин аткарган подряддык уюм — «Су-4 Кара-Балта» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК).

