Бишкек шаарындагы Кара-Коо көчөсүнүн Д. Садырбаев көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери толугу менен аяктады. Жаңы курулган жол тилкесинин узундугу 720 метрди түзөт.
Долбоордун алкагында ирригациялык тутумду орнотуу, ошондой эле жолдун эки тарабына тең тротуар куруу иштери аткарылды.
Курулуш иштерин «Левел Билдинг» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) жүргүздү.


