«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын 12 кызматкери ак ниет эмгеги жана борбор калааны жашылдандырууга кошкон салымы үчүн сыйланды.
Алардын ичинен 9 кызматкер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланса, дагы 3 кызматкерге мэриянын баалуу белеги — кол саат тапшырылды.
Сыйлыкка ээ болгон кызматкерлер ишкананын күнөскана чарбаларында, Ленин, Свердлов, Биринчи май жана Октябрь райондорунун жашыл чарба участокторунда, «Кара жыгач токою» жана Ататүрк атындагы сейил бактарында, ошондой эле суу чарба участогунда эмгектенишет.
Алар күн сайын бак-дарактарды жана гүлдөрдү багуу, көчөттөрдү өстүрүү, жашыл аймактарды күтүү, сейил бактарды көрктөндүрүү жана сугат системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу иштерине өз салымдарын кошуп келишет.
Бул сыйлыктар шаардын жашылдандырылышына жана көрктөндүрүлүшүнө күн сайын эмгек сиңирип жаткан кызматкерлердин ишине берилген татыктуу баа болуп саналат.
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги сыйлык алган кызматкерлерди куттуктап, аларга ишине ийгиликтерди жана чың ден соолук каалайт.


