Борбор калаада балдардын коопсуздугун камсыз кылууга, укук бузуулардын алдын алууга жана алардын ден соолугун коргоого багытталган ведомстволор аралык ата-энелер жыйындары уланууда.

Кезектеги жолугушуу   «Таберик» залында өтүп, ага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, Биринчи май районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө прокуратура органдарынын, Ички иштер министрлигинин, Кайгуул милициясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Адистер катышуучуларга жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугун сактоо боюнча актуалдуу маселелер тууралуу маалымат беришти.

Өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алууда ата-энелердин жана билим берүү уюмдарынын ролуна, ошондой эле үй-бүлө, мектеп жана мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында № 41 жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери жана окуучулары «Коопсуз жашоо — жаркын келечек» аттуу көркөм прологду тартуулашты.

Жолугушуу «суроо-жооп» форматындагы ачык диалог менен жыйынтыкталды. Ата-энелер тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө түз кайрылып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден компетенттүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти 2026-жылдын 10-ноябрынан 13-ноябрына чейин «Баланын коопсуздугу — ата-эненин жоопкерчилиги» деген жалпы теманын алкагында жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү менен пландуу ведомстволор аралык жолугушууларды өткөрүүдө.